Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 26-декабры № 29/128
Жазы айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоо аймагын аймактык Кз коэффициентинин өлчөмүн же жер салыгынын коэффициентинин базалык өлчөмү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоо аймагын аймактык Кз коэффициентинин өлчөмүн же жер салыгынын коэффициентинин базалык өлчөмүн жогорулатуу боюнча айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Азимованын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарбалык эмес жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенти 2021-жылдын 1-январынан баштап 1,2 өлчөмүндө бекитилсин .
2. Токтомдун аткарылышы Жазы айыл өкмөтүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Акматов |