Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2021-жылдын 13-февралы № 30/130
Жазы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп счетундагы, 2020-жылдан үнөмдөлөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн 6275,4 мин сом акча каражатын , 2021-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын сметасына ылайык бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117- беренелерине жана финансы , экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясы , Жазы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп- счетундагы үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн 6275,4 мин сом акча каражатын ,( анын ичинен 294,1 мин сом акча каражаты атайын каражат,5981,3 мин сому бюджеттин эсебинен ) 2021-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын сметасын алдын ала карап,алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2020 жылда иштетилбей (үнөмдөлгөн) калган 6275,4 миң сом акча каражаты 2021-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын негизинде төмөндөгүдөй максатка жумшалсын.
2. Кызыл-Дыйкан жана Кара-Дыйкан айылдардын көчөлөрүнө асфальт төшөөгө -993,5 миң сом.
3. Айылдарга эл.мамыча, эл.чубалгы, шагыл , кочого труба ,тунку жарыктын жана таза суунун эл.энергия акысына ,ар кандай проекттерге – 2903,1 миң сом.
4. Мектептерге канц. товар, хоз. товар, стол. стуль, котельн. ремонту эшик-терезе алмашууга -619,0 миң сом.
5. Бала-бакчалардын-котелн.курулушуна,беседканын ремонтуна, эл.плита. компьютер сатып алууга-701,0 миң сом.
6. Борбордук конторанын кабинеттерин ондоого, пандемияга, конторанын айланасын тозууга, компьютер сатып алууга – 783,6 миң сом.
7. Жайыт комитетинин ар кандай чыгымдарына -153,0 миң сом.
8. Участковый милициянын куйуучу майына, СДКнын ар кандай чыгымына 72,2 миң сом.
9. Вет адистерди окутууга-контрактка – 50,0 мин сом.
Төрага | С. Акматов |