Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2021-жылдын 13-февралы № 30/132
Жэееренчи айылынын жашоочуларынын кайрак жерине кароол алуу жөнүндө
Жээренчи айылынын жашоочуларынын кайрак жерлерине эгилген эгиндерди малдардын талкалап жеп кетүүсүнөн сактоо боюнча кароол алуу жөнүндө элдик жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазгы талаа иштерин уюштуруу, адырдагы кайракы жерлерге кароолдорду коюу Жээренчи айылынын айыл башчысы А.Апазовго жүктөлсүн.
2. Кароолчулардын эмгек акысы Жээренчи айылынын жашоочулары тарабынан уюштурулуп төлөнүп берилсин.
3. Эгин талааларын мал талкалап кеткен учурлар катталса айыл өкмөтүндөгү “Бузуулар” боюнча комиссия менен биргеликте иш жүргүзулсүн.
4. Ушул токтомду бекитип берүү Жазы айылдык кеңешинен суралсын.
Төрага | Ж. Акматов |