Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 151
Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылына шайлоо участкасын ачуу жөнүндө
Кош-Этер айылына шайлоо участкасын ачуу жөнүндөгү Кош-Этер айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 11-февралындагы протоколун карап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Этер айылынын тургундарынын 2021-жылдын 11-февралындагы элдик жыйынынын токтомуна ылайык Кош-Этер айылынынын борборунда жайгашкан клубка шайлоо участкасын ачууга каршы эместиги эске алынсын.
2. Кош-Этер айылынын Т.Маткеримов, Үркүнбай уулу Бакыш, О.Досматов, Олжобай көчөлөрүндөгү жашоочулар биригип, айылдын борбордук клубуна шайлоо участкасын ачуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |