Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 152
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджетинин жана атайын каражат эсебинен өткөн калдык акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына атайын каражат эсебинен калдык болуп өткөн акча каражаттарын айыл өмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына атайын каражат эсебинен калдык болуп өткөн 113870 (бир жүз он үч миң сегиз жүз жетимиш сом) акча каражатын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде бала бакча бөлүкчөсүнө смета түзүлүп иштетилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |