Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 153
“Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркынын жерин “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана “Кара-Шоро”мамлекеттик жаратылыш паркынын эсебинде турган 5890,0 га жерди “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук жер комиссиясынын жыйынынын 2021-жылдын 5-январындагы корутундусунун негизинде Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин токой фондусунун эсебинде турган (Кулубек-кварталь-26-27-28, Жолду кара-кварталь-9, Көк-Жар-кварталь-10, Агатан-кварталь-12, Чавай-кварталь-13,14,15,16,17) жалпы аянты 5890,0 га жер аянты “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар” категориясына которулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |