Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 156
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18-126-буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын өзгөртүп түзүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамы өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларынын сандык курамы так санда 11 адамдан түзүлсүн.
3. Комиссиянын курамына төмөндөгү атуулдар киргизилсин:
1. Тойчубекова Жазгүл -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрайымы;
2. Калыбеков Талант -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрайымынын орун басары;
3. Сатыбалдыев Равшанбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башкы адис- юристи, комиссиянын катчысы;
4. Кунаев Шухрат -Кызыл-Чарба айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
5. Кыпчакбаев Төрөбек -Ак-Терек айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
6. Калматов Бабажан -Кош-Этер айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
7. Сыяев Султанбек -Кызыл-Байрак айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөлөрү;
8. Токторбаев Кадырбек -Ара-Көл айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
9. Сулайманов Нурланбек -15 жаш айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
10. Бекташова Батма -Салам-Алик айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы, комиссиянын мүчөсү;
11. Тагаев Турабай -Салам-Алик айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
4. Түзүлгөн комиссия курамы туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп саналат жана өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка укуктук актыларды жана Жобону аткаруу менен иш алып барышсын.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |