Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 157
Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын постунан акысыз өтүү боюнча
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Таштемиров Арстандын сунушун угуп Салам-Алик айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга өткөн Салам-Алик айыл аймагынын тургундары көзөмөлдөөчү-каттоочу посттон акысыз өткөрүүнү аталган мекемеге сунуш кылынсын.
2. Парктын айланасына жергиликтүү тургундарды акысыз өткөрүүнүн жобосун жана келишимин иштеп чыгуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |