Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 159
Салам-Алик айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергилкитүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25-119-сандуу катына жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 2-июнундагы № 04-1321-сандуу каттарын карап Салам -Алик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын бир штаттык кызмат орду бекитилсин.
2. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат орду боюнча тиешелүү жоболорго ылайык иш алып баруу жана беитилген тизмеге ылайык эмгек акы төлөөнү жүргүзүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |