Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 160
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы жолдун жээгиндеги электр мамычаларын айыл арасына орнотуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана депутаттардын сунушун карап Салам -Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдардагы борбордук көчөлөрдөгү жолдун жээгиндеги электр мамычаларын алмаштыруудан келип чыккан эски жыгач электр мамычалары айылдын ички көчөлөрүнө орнотулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |