Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 161
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылындагы ички жолду жана машина өтүүчү көпүрөнү мамлекеттин балансына алуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана депутаттардын сунушун карап Салам -Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылындагы ички жолду жана машина өтүүчү көпүрөнү мамлекеттик № 5-Жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүүнү тиешелүү министрликке сунуштоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |