Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 162
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине жана айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 14662,4 миң сомго жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 11983,4 миң сомго бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |