Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 164
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын 2-январына карата жергиликтүү бюджеттен өткөн калдык акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен калдык болуп өткөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджеттен калдык болуп өткөн 589200 (беш жүз сексен тогуз миң эки жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде тиешелүү бөлүкчөлөргө смета түзүлүп, максаттуу жумшалсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |