Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 165
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинен өткөн калдык акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен калдык болуп өткөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджеттен калдык болуп өткөн акча каражатынан 1406272 (бир миллион төрт жүз алты миң эки жүз жетимиш эки) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде тиешелүү бөлүкчөлөргө смета түзүлүп иштетилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Таштемиров |