Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин 23-сессиясы
2021-жылдын 1-марты № 33/5
Күң-Элек айылындагы Күң-Элек 1 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган фундаментти максаттуу багытын ФАП деп өзгөртүү жөнүндө
Күң-Элек айылындагы Күң-Элек 1 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган фундаментти максаттуу багытын ФАП деп өзгөртүү жөнүндө айыл башчы А.Айтманбетовдун 2021-жылдын 1-мартындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,
Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылындагы Күң-Элек 1 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган Ленин айыл өкмөтүнүн 25-декабрындагы №12/4 токтомун максаттуу багытын өзгөртүү боюнча , Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренесине ылайык фундаментти максаттуу багытын ФАП деп өзгөртүлүп берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү Алай архитектура жана шаар куруу ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Алиевке тапшырылсын.
Төрага | Б. Айдаралиев |