Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин 23-сессиясы
2015-жылдын 25-марты № 34/1
Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Бүлөлү чаты участкасында , Жаңырык көпүрөсүнөн суунун агымына каршы оң тарабынан жогору жакты карай , 1-чакырым Жолборсту көпүрөсүнө чейин Гүлчө дарыясына “Электро Строй Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 2,4 МВТ ГЭСти долборлоо жана курууга , жер тилкесин ажыратып токтом чыгартып берүү боюнча “Электро Строй Групп” ЖЧК нын директору Т.А.Мамаевдин 2021-жылдын 17-мартындагы №11 чыгыш каты жөнүндө
Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Бүлөлү чаты участкасында , Жаңырык көпүрөсүнөн суунун агымына каршы оң тарабынан жогору жакты карай , 1-чакырым Жолборсту көпүрөсүнө чейин Гүлчө дарыясына “Электро Строй Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 2,4 МВТ ГЭСти долборлоо жана курууга , жер тилкесин ажыратып токтом чыгартып берүү боюнча “Электро Строй Групп” ЖЧК нын директору Т.А.Мамаевдин 2021-жылдын 17-мартындагы №11 чыгыш катын карап талкуулап чыгып ,
Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Бүлөлү чаты участкасында , Жаңырык көпүрөсүнөн суунун агымына каршы оң тарабынан жогору жакты карай , 1-чакырым Жолборсту көпүрөсүнө чейин Гүлчө дарыясына “Электро Строй Групп” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 2,4 МВТ ГЭСти долборлоо жана курууга уруксат берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Төрага | Б. Айдаралиев |