Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-майы № 2/2
Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматованын жылдык планынын аткарылыш абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматованын жылдык планынын аткарылыш боюнча 2021-жылдын 21-майындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,
Ленин айылдык Кеңешинин токтом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматованын жылдык планынын аткарылыш боюнча 2021-жылдын 21-майындагы билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматованын жылдык планынын аткарылышы боюнча жакшы иш алып барбагандыктан , жайыт топтоонун айлык пландарын жайыт пайдалануучулардан топтоп иш жүргүзбөгөңдүктөн , план ай сайын толбогондуктан 2021-жылдын 21-июнуна чейинки мөөнөттө план тапшырмаларын толтуруп иш жүргүзсүн.
Берилген мөөнөттө план тапшырмаларын толтурбаса кызмат абалы элдик жыйында карап отчетун угуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Матановго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары , коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Орозали уулу Т. |