Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 3/1
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин 2021-жылдын 12-июлундагы билдирүүсүн жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоору 18540,9 миң сомго, анын итчинен теңдөөчү грант 13691,6 миң сом, өздүк киреше 4849,3 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 1296,0 миң сомго бекитилсин.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-жылга болжолдуу долбоору 18758,6 миң сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 13810,3 миң сом,өздүк киреше 4948,3 миң сом,анын ичинен атайын каражаттар 1296,0 миң сомго жактырылсын.
3. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2024-жылга болжолдуу долбоору 18758,6 миң сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 13810,3 миң сом, өздүк киреше 4948,3 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 1296,0 миң сомго жактырылсын.
4.Корголгон беренелердин (эмгек акы социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановко милдеттендирилсин.
Төрага | Орозали уулу Т. |