Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 3/2
Ленин айыл өкмөтүнүн №11 Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2021-жылдын 12-июлундагы №6 билдирүүсү 1 (бир) баш кунажынды сатуу жөнүндө
№11 Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2021-жылдын 12-июлундагы №6 1 (бир) баш кунажынды сатуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкулап , Ленин айылдык Кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. №11 Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуеванын 2021-жылдын 12-июлундагы №6 билдирүүсү 1 (бир) баш кунажынды сатууга уруксат берилсин жана төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
1. Нурмамат уулу Мухамед- Ленин айылдык кеңешинин депутаты.
2. С.Рахманбердиев - Ленин айылдык кеңешинин депутаты.
3 Т.Жусуева - балдар бакчасынын директору.
4. У.Турдубекова балдар бакчасынын - профсоюз уюмунун төрайымы
5. Муса уулу Кылычбек – Согонду айылынын айыл башчысы
2.Тиешелүү бухгалтериялык докменттерин айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшыруу жагы балдар бакчасынын директору Т.Жусуевага милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго тапшырылсын.
Төрага | Орозали уулу Т. |