Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 3/5
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021- жылдын III кварталынын атайын каражат бөлүгүнүн бекитилген планынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
”К.Р бюджеттик кодексинин” 115-беренесине таянып, Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин 12.07.2021-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.”К.Р бюджеттик кодексинин” 115-беренесине таянып , Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бекитилген бюджетинин айрым беренелериндеги пайдаланылбай калган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык III кварталга карата төмөндөгү керектелүүчү беренелерге жылдырылып иштетилсин.
Чыгаша бөлүгү:
Раздел | Мекемелер | Статья | Көбөйтүлсүн (миң сом) | Азайтылсын (миң сом) |
70911 | Бала бакча | 2221 |
| -79,5 |
70911 | Бала бакча | 3112 | 79,5 |
|
Жыйынтыгы: | 79,5
| -79,5 | ||
2.2021-жылдын III кварталынын бекитилген сметасынын каражат бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын..
3.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановко жана финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
Төрага | Орозали уулу Т. |