Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 187
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад, Өзгөрүш, Жоо-Алма, Пайзабад, Дөң-Булак, Кара-Дарыя, Төөлөс, Чымбай, Бабаш уулу участкасындагы 37,10 га жер участогуна турак жай куруу үчүн сызылган башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад, Өзгөрүш, Жоо-Алма, Пайзабад, Дөң-Булак, Кара-Дарыя, Төөлөс, Чымбай, Бабаш уулу участкасындагы 37,10 га жер участогуна турак жай куруу үчүн сызылган башкы планын бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Жаңы-Абад, Өзгөрүш, Жоо-Алма, Пайзабад, Дөң-Булак, Кара-Дарыя, Төөлөс, Чымбай, Бабаш уулу участкасындагы 37,10 га жер участогуна турак жай куруу үчүн сызылган Шифр №08/2020 Альбом 1-2-3- башкы планы бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |