Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 28-январы № 189
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бюджеттен бош (свободный остаток) 6692,2 (алты миллион алты жүз токсон эки миң эки жүз) сом, атайын каражаттар эсебинен 285,3 (эки жүз сексен беш миң үч жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатын пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык Дөң-Булак айылдык кенеши калдык каражатты бекитүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2020-жылдын бюджетине каралган чыгаша бүлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылган 6692,2 (Алты миллион алты жүз токсон эки миң эки жүз) сом акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга сунушталган титулдук баракчасына кирип бирок каражат жетпей калган жумуштарды аткарууга бекитилсин.
2. Атайын каражаттар эсебинен үнөмдөлүп калган 285,3 (Эки жүз сексен беш миң үч жүз) сом акча каражатынын 120,6 (Бир жүз жыйырма миң алты жүз) сомду Бала-Бакча бөлүмүнө, 164,7 (бир жүз алтымыш төрт миң жети жүз) сом Башкаруу аппаратына бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |