Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 191
Өзгөн райондук айыл чарба департаментинин 2020-жылдын 25-августундагы “Өзгөн районунда жеке агрономдордун айыл чарба өсүмдүктөрүн зыян кечтерден сактоодо колдонуучу дарылардын орточо наркын аныктоо боюнча жыйындын” протоколун кароо жөнүндө
Өзгөн райондук айыл чарба департаментинин 2020-жылдын 25-августундагы “Өзгөн районунда жеке агрономдордун айыл чарба өсүмдүктөрүн зыян кечтерден сактоодо колдонуучу дарылардын орточо наркын аныктоо боюнча жыйындын” протоколунда көрсөтүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларына, зыян кечтерге жана отоо чөптөргө каршы чачылуучу химиялык дарыларды чачууда1,0 га жер аянтына кеткен баасын белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларына, зыянкечтерге жана отоо чөптөргө каршы чачылуучу химиялык дарыларды чачууда 1,0 га жер аянтына кеткен баасы:
-1,0 га көп жылдык бакка 1500 сом;
-1,0 га шалы (күрүч) 1200 сом;
-1,0 гектарга эмгек акысы 500 сомдон бекитилсин.
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө бекитилген жер агроном Маматеминов Шайырбекке кызмат көрсөтүүнү колго алуу жагы жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |