Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 192
Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 15-январындагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү” №11-104-21 сандуу сунуштамасын кароо жөнүндө
Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 15-январындагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү” №11-104-21 сандуу сунуштамасын аткарууга алуу максатында жана Дөң- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылында жашап жаткан бабаштар жана моңолдор эки уруусунун айылдын атын өзгөртүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап, Дөң- Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 15-январындагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү” №11-104-21 сандуу сунуштамасы аткарууга алынсын.
2. Ош облустук Юстиция башкармалыгынын 2021-жылдын 22-январындагы №16 сандуу каттын негинде Бабаш уулу айылы каттоодо болбогондугунун жана Ош областык мамлекеттик статистика башкармалыгынын 2021-жылдын 28- январындагы “Кыргыз Республикасынын 1993-ж. Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин обьектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунда Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан Бабаш уулу (41706255817020) айылы бар” деп көрсөтүлгөн №03-2/21 сандуу катынын негизинде, ошондой эле айылдын эки тарап тең келише албагандыгына байланыштуу жогорку органдарга кайрылуусу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |