Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 193
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын төлөө акысын көтөрүү жөнүндө
Бала бакчаларга ата-энелер тарабынан топтолуучу атайын каражатын, 2021-жылга карата бир баланын бир айлык төлөө акысын 600 сомдон 700 сомго көтөрүү жана жаңыдан ачылып жаткан “Эркайым Апа” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан топтолуучу атайын каражаттар төлөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени финансы, экономика боюнча комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Дөң-Булак айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2021-жылга Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Бала бакчаларга ата-энелер тарабынан топтолуучу атайын каражаты 100 сом өлчөмүндө көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 1728,0 сомго жеткирилген планга кошумча 98,0 миң сом бекитилсин, себеби 2021-жылга базар экономикасында өзгөрүүлөр болуп, тамак-ашка болгон баанын өсүүсүн эске алуу менен. Бала бакчаларга ата-энелер тарабынан топтолуучу атайын каражатынын бир баланын бир айлык төлөө акысын 600 сомдон 700 сомго көтөрүү менен кирешелерин жана чыгашалары боюнча багыттары бекитилсин.
2. 2021–жылдын 1-мартына карата ачылып жаткан 65 орундуу “Эркайым Апа” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү каражатына 455,0 миң сомго кошумча план алынсын жана 455,0 миң сом чыгаша бөлүгүнө бекитилсин.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |