Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 194
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бакмал айылында жеке ишкер тарабынан ачылып жаткан “Эркайым Апа” балдар бакчасынын тамак ашына жана электр энергиясына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бакмал айылында жеке ишкер Алишер кызы Нурила тарабынан ачылып жаткан “Эркайым Апа” балдар бакчасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-октябрындагы №742 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен тамак ашына жана электр энергиясына акча каражатын бөлүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бакмал айылында жеке ишкер Алишер кызы Нурила тарабынан ачылып жаткан “Эркайым Апа” балдар бакчасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-октябрындагы №742 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен тамак ашына 235,4 миң сом электр энергиясына 37,9 миң сом, жалпысы 273,3 миң сом акча каражаты каралсын. Жогорудагы акча каражатын ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан Бала-Бакча бөлүмүнө №1 Уведомленяга ылайык жайгаштырылсын.
2. Токтомдун бир нускасы Өзгөн райондук каржы башкармалыгына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Сагынбай уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | П. А.Эсеналиев |