Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 195
Дөң- Булак айыл өкмөтүнө 2021-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Дөң-Булак тазалык ишканасынын тазалыкты сактоо максатында топтолгон төлөмү айыл өкмөтүнүн киреше эсебине (ст.14224200) түшкөн каражатын Дөң-Булак Тазалык ишканасына которуп берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Дөң-Булак Тазалык ишканасынын тазалыкты сактоо максатында топтолгон төлөмү айыл өкмөтүнүн киреше эсебине түшкөн каражатын Дөң-Булак Тазалык ишканасына которуп берүү үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 168,9 миң сом каралып, “Дөң-Булак Тазалык” ишканасына которулуп, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |