Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 197
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жайыт комитетинин бюджетин, айыл өкмөтүнүн аймагындагы шарттуу малдардын баасын бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети жана иш-планы бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шартуу малдардын баасы:
Бодо мал – 100 сом;
Торпок - 70 сом;
Жылкы - 100 сом;
Кой-эчки - 20 сом;
Бал челек - 20 сомдон бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин менчигинде турган ДЕWO Matiz мам. №06 kg 553-АЕТ номерлүү автоунаасы кызматтык автоунаа катары колдонууга берилсин.
4. Жайыт комитети менен жайыт пайдалануучулардын ортосундагы 2020-жылы түзүлгөн келишимдин талаптарын аткарбаган жана жайыт акыны төлөбөгөн жаайыт пайдалануучуларга жайыт аянты бөлүнүп берилбесин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. А.Эсеналиев |