Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы
2021-жылдын 30-марты № 198
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай айылынын жаштарынын арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылына Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик бийлигинин акиминин №117-Б 30.06.1992-жылдагы буйругунун негизинде Чымбай айылынан Баба-Дыйкан ассоциясынын өндүрүштүк базасына деп берилген жер тилкесине айылдын келечеги болгон жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо окуу борборун (кыздарга тигүү цехин, балдарга электр ширетүү цехин жана жатакана) жайкы кичи футбол аянтчасын куруу максатында айыл тургундарынын жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы Баба-Дыйкан ассоциясынын өндүрүштүк базасы деп берилген жер тилкесине окуу борборун жана жайкы кичи футбол аянтчасын курууга 1,20 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |