Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 152
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарынын калктуу конуштардагы ашыкча ээлеп алган жер участкаларын мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 32-беренесинин 1-п жана 5-п. 33-беренесинин негизинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы ашыкча жер участкаларын мыйзамсыз ээлеп алган жер участкаларын мыйзамдаштырып берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы өздөрү жашап жаткан үйүнүн тиешелүү документтеринен сырткары ашыкча жер участкалары такталып, айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап, жер участогуна муктаж болгон, арызы бар атуулдарга кезеги менен жер участогу бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |