Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXV- сессиясы
2020-жылдын 30-марты № 151
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал айылынын тургуну Тургуналиев Азизбек Абдуманаповичтин турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал айылынын тургуну Тургуналиев Азизбектин турмуш шарты оор жана учурда апасы да коронавирус оорусу менен ооруп кыйналып жаткандыгын эске алып, жардам сурап жазган арызын көрүп, ага жардам берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен социалдык коргоо бөлүмүнүн элге жеңилдик берүү 2721 1100 беренесине 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |