Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 152/1
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер участкаларын берүүнүн тартиби жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына жер участкаларын берүү боюнча суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл тургундарына жер участкаларын берүү үчүн жарандардын арыздарынын кезеги ар бир айылдык комитет боюнча түзүлүп берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында туруктуу жашап, жер участогуна муктаж болгон аз камсыз болгон, турмуш шарты оор болгон жана арызы бар атуулдарга кезексиз жер участогу бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |