Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 153
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Мичурин, Дөң-Булак-1 айылдарын башкы планга киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Мичурин, Дөң-Булак-1 айылдарынын 13,50 га турак үйлөрү жайгашкан жер тилкесин башкы планга киргизүү жөнүндөгү элдин суроо, талабын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Мичурин, Дөң-Булак-1 айылдарынын башкы планы бекитилип берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Мичурин, Дөң-Булак-1 айылдарынын башкы планына керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |