Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 154
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы муниципалдык менчигинде турган стадион ээлеген жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын муниципалдык менчигинде турган стадион ээлеген жер тилкесине кичи футбол аянтчасын куруу максатында жана айыл тургундарын жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы муниципалдык менчигинде турган стадион ээлеген жер тилкесине кичи футбол аянтчасын курууга 800 метр квадрат жер аянты бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |