Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 155
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мичурин участкасындагы магазин ээлеген жер аянтынын ээси Бусурманов Эгемберди Кочкоровичке магазин салуу үчүн берилген жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мичурин участкасындагы магазин ээлеген аянтынын ээси Бусурманов Эгемберди Кочкоровичке магазин салуу үчүн берилген жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүп элди тейлөө үчүн ашкана жана стадион куруу боюнча Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3-главасынын негизинде Бусурманов Эгемберди Кочкоровичтин жазган арызын жана бүгүнкү күндө магазин талкаланып жараксыз абалга жетип калгандыктан магазиндин зарылчылыгы жоктугун эске алуу менен жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Мичурин участкасындагы Бусурманов Эгемберди Кочкоровичке “Бал-Көчөт” ААК нун мүлк комплексинин ээлеген жер аянтын сатуу жана сатып алуу келишимин негизинде 2020-жылдын 12-августундагы № 2020/14397 келишими менен берилген 904,80 кв метр жер аянтын пайдалануу багытын өзгөртүү элди тейлөө үчүн ашкана жана стадион куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер аянтын Гос Актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |