Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 157
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы муниципалдык менчигинде турган Стадион ээлеген жер тилкесине кичүү машыгуучу аянтчасын куруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы муниципалдык менчигинде турган Стадион ээлеген жер тилкесине кичүү машыгуучу аянтчасын куруу жана айыл тургундарын жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы муниципалдык менчигинде турган Стадион ээлеген жер тилкесине кичүү машыгуучу зал аянтчасын курууга 200 м. кв. жер аянты бекитилип алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |