Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 159
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджеттин титулдук баракчасындагы жумуштардын арасынан Төөлөс айылына түшкөн түнкү жарык конкурсунан үнөмдөлгөн акча каражатынан катардагы бекитилген жумуштардан айыл өкмөтүбүздүн Бакмал айылындагы И.Жусупов көчөсүнө электр чубалгыларын алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2020-жылга карата бекитилген бюджеттин титулдук баракчасындагы жумуштардын арасынан Төөлөс айылына түшкөн түнкү жарык конкурсунан үнөмдөлгөн акча каражатынан катардагы бекитилген жумуштардан айыл өкмөтүбүздүн Бакмал айылындагы И.Жусупов көчөсүнө электр чубалгыларын алуу үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесинен 172,5 миң сом жумшалып аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |