Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 163
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджеттин титулдук баракчасындагы жумуштардын арасынан Төөлөс айылына каралган түнкү жарык системасынан конкурс өткөндөн кийин үнөмдөлгөн акча каражатынан жана титулдагы жумуштардын арасынан айыл өкмөтүбүздүн аймагындагы айылдарга кобра сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттан дагы конкурстан кийинки үнөмдөлгөн каражаттарын айыл өкмөтүбүздүн конторасына от казан (печка) орнотуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн конторасына от казан орнотуу үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 2222 беренесинен 50,0 миң сом акча каражаты айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине жылдырылып жана калган 205,0 миң сом акча каражаты Төөлөс айылындагы каралган түнкү жарык системасынан конкурс өткөндөн кийин үнөмдөлгөн акча каражатынан каралып жалпысынан 255,0 миң сом акча каражаты от казан орнотуу үчүн жумшалып аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |