Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 167
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2020-жылга карата бекитилген планынын лимитин кошуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2020-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинен кошумча план берүү жагы суралсын жана Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин билдирүүсүнүн негизинде авто унааларына балон алууга муктаж болгондуктан, 2020-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, арендадан түшкөн акча каражатын жайыт бөлүмүнүн 22154900 беренесине 30,0 миң сом лимит каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |