Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 168/1
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал, Дөң-Булак, Кара-Дарыя, Жаңы-Абад айылдарындагы айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алып аукцион аркылуу сатуу жөнүндө.
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал, Дөң-Булак, Кара-Дарыя айылдарындагы айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алып аукцион аркылуу сатуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал 100 кв.м, Дөң-Булак 300-389 кв.м, Кара-Дарыя 1000 кв.м, Жаңы-Абад айылдарындагы 75 кв.м айыл чарбасына ыңгайсыз жер аянттары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынып аукцион аркылуу берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо, жерге комиссия түзүү, мыйзамдулугун сактоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Жер аянттын Гос Актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |