Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 169
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы ФАПтын жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы ФАПтын жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомун жетекчиликке алып Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы 400 кв.м ФАПтын жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамакаттоо” башкармалыгынан алынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |