Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы
2020-жылдын 10-сентябры № 170
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Чымбай” айылынын тургундарынын өтүнүч катын канааттандыруу максатында жаңы кабырстанга жер бөлүп берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Чымбай” айылынын тургундарынын өтүнүч катын канаттандыруу максатында жаңы кабырстанга коюга жер ажыратып берүү жөнүндөгү өтүнүч катын канаттандыруу максатында жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн суралган жерге аныктамасынын негизинде элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктажыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык Кеңеши түшкөн арызды карап терең талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Чымбай” айылынын тургундарынын өтүнүч катын канаттандыруу максатында жаңы кабырстанга жер ажыратып берүү боюнча суранган өтүнүч каты канаттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана милиорация министирлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын корутундусун негизинде №827-контурдан 2 га, №828-контурдан 0,40 га жалпысынан 2,40 га жер аянты мүрзөө үчүн транформацияга макулдук берилсин.
3. Көрсөтүлгөн жерди бөлүп берүү жана керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы жана жер маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |