Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 171
Жаңы-Абад айылынын тургуну Исмаилов Абыджандын турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылынын тургуну Исмаилов Абыджан бөйрөк оорусунан жабыркап Туркия Республикасына барып бөйрөктөрүн алмаштырып келүү үчүн жардам сурап жазган арызынын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик берүү эсебинен Жаңы-Абад айылынын тургуну Исмаилов Абыджанга 15 000 (он беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |