Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 172
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2020-жылдын 11-ноябрындагы жалпы чогулушунун №1 протоколуна ылайык, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколуна ылайык, Төөлөс айылындагы Достук-3 көчөсү Мамадалиев Ибрагим көчөсү деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Төөлөс айылынын башчысы О.Булашбаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. А.Эсеналиев |