Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 173
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы орто мектебине ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы Бакмал орто мектебине ат (ысым) ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын жана мектеп мугалимдеринин суроо талаптарын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал-1 айылына 70 (жетимиш) орундуу 3 тайпалык жамааттык балдар бакчасы Бакмал-1 айылынын тургуну Бакышев Алишердин үйүнүн ээлеген аянтына ачылсын.
2. Дөң-Булак өкмөтүнө караштуу Бакмал-1 айылындагы 70 орундуу жамааттык балдар бакчасына “Эркайым апа” ысымы ыйгарылсын.
3. “Эркайым апа” балдар бакчасынын тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис К.Жусуповко тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. А.Эсеналиев |