Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 174
Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
Дөң-Булак айылдык кеңеши тарабынан “Өзгөн техникалык сервисинин” №2 протоколу колдоого алынып, автогараждын имаратын А.Исмаиловко менчиктештирүүгө уруксат берилген токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсү аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айылдык кеңеши тарабынан “Өзгөн техникалык сервиси” автогараждын имаратын А.Исмаиловко менчиктештирүүгө берилген 2009-жылдын 19-августундагы №17 сандуу токтому Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2020-жылдын 12-декабрындагы №11-1988-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарылсын.
3. Айылдык кеңешинен чыккан токтом, буйруктардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |