Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 175
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы 0,15 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,15 га жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 жана 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 05-1242/20 ГД Кыргыз Республикасынын жогорку сотунун токтомун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,15 га жер аянтын муниципалдык менчигине каттоого алуу жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |