Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 176
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал участкасындагы мал сарайдын ээлеген жер аянтынын ээси Баймурзаева Ыкбалбү Мамытовнанын жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал участкасындагы мал сарайдын ээлеген жер аянтынын ээси Баймурзаева Ыкбалбүнүн жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүп элди тейлөө үчүн ашкана жана автоуна оңдоочу, жуучу жай куруу боюнча Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3-главасынын негизинде Баймурзаева Ыкбалбүнү бүгүнкү күндө мал сарайынын жарымы талкаланып жараксыз абалга жетип калгандыгын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал участкасындагы мал сарайдын ээлеген жер аянтынын ээси Баймурзаева Ыкбалбүнүн 0,30 га № 0045086 Гос Актысы менен мал сарайын ээлеген жер тилкесинин ичинен 500 кв. метр жер аянтына ашкана жана автоуна оңдоочу жуучу жай куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Жер аянтын Гос Актысынын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |