Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVII- сессиясы
2020-жылдын 11-декабры № 177
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2020-жылдын 20-майындагы жалпы чогулушунун №1протоколун бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2020-жылдын 20-майындагы жалпы чогулушунун №1 протоколунун негизинде арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2020-жылдын 20-майындагы жалпы чогулушунун №1 протоколу бекитилсин.
2. Дөң-Булак өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы Достук-1 көчөсү Алиев Токтогулдун көчөсү деп аталсын.
3. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Төөлөс айылынын башчысы О.Булашбаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. А.Эсеналиев |