Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVIII- сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 179
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бөскө-Жол айылынын жолдорун асфальттоо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Р.Султанов сунуштаган 2021-жылга Бөскө-Жол айылынын жолдорун асфальттоо үчүн түрткү (дем) берүүчү грантка жазылган проектини киргизүү жагын айылдык кеңешинин кезектеги 38-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бөскө-Жол айылынын жолдорун асфальттоо үчүн түрткү (дем) берүүчү грантка жазылган 4704365 (төрт миллион жети жүз төрт миң үч жүз алтымыш беш миң) сом суралсын.
2. Түрткү (дем) берүүчү грантка жазылган 4704365 (төрт миллион жети жүз төрт миң үч жүз алтымыш беш миң) сом акча каражатынын өздүк салымынын 38 % 1787658,7 (Бир миллион жети жүз сексен жети миң алты жүз элүү сегиз сом жетимиш тыйын) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3. Бөскө-Жол айылынын жолдорун асфальттоо үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган 4704365 (төрт миллион жети жүз төрт миң үч жүз алтымыш беш миң) сомду өткөрүп, каржылап берүүжагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин, Өзгөн райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Түрткү берүүчү гранттын иштетилиши максаттуу болушун көзөмөлдөөайылдык кеңештин пландоо жана бюджет, социалдык экономикалык өнүгүүбоюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Э.Султановго милдеттендирилсин.
Төрага | П. А.Эсеналиев |